• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Германиянын коргоо министри Еврокомиссияны жетектейт

Дүйнө 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен Европа комиссиясынын башчысы кызматына шайланды. Бул тууралуу Politico басылмасы кабарлады.

Фон дер Ляйен жаңы кызматына 1-ноябрдан баштап киришет. Европа биримдигинин (ЕБ) жогорку аткаруу органы эсептелген бул мекемени буга чейин люксембургдук Жан-Клод Юнкер жетектеп келген.

Фон дер Ляйен Германиянын коргоо министри кызматын бүгүн 17-июлда тапшырып берет. Ал тарыхта Европа комиссиясын жетектеген алгачкы аял саясатчы болуп калат.

Фон дер Ляйендин бул кызматка дайындалышын 383 депутат колдоп, 327си каршы болду. Анын талапкерлиги ЕБдин үч күнгө созулган саммитинин жана Европа парламентиндеги дебаттардын жыйынтыгында тандалган.

Пикир

Оставить комментарий