• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Май сактоочу резервуарды тазалап жаткан эки жаран бензиндин жытына ууланып, бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 17.07.19. /Кабар/. Май сактоочу резервуарды тазалап жаткан эки жаран бензиндин жытына ууланып, бирөө каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, Баетов айылынын А. Султаналиев көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайда 52 жаштагы И.Э. жана 18 жаштагы Э.Э. май сактоочу резервуардын ичин тазалап жатып, бензиндин жытына ууланып калышкан.

Окуя жерине келген куткаруучулар аларды резервуардан алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Алар Ак-Талаа райондук ооруканага жеткирилип, бирок 52 жаштагы И.Э аттуу жаран ооруканада каза болгон.

Ал эми Э.Э. аттуу жарандын абалы оор.

Пикир

Оставить комментарий