• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Индиянын президенти мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды

Дүйнө 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Индиянын президенти Рам Натх Ковинд 7-октябрь кечинде мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барды.

Тажикстан президентинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Рам Натх Ковинддин үч күндүк сапарынын алкагында эки өлкө өкүлдөрүнүн жогорку деңгээлдеги жолугушуулары өтөт.

Алгач Индия президентинин сапары августтун экинчи жарымына белгиленген. Бирок Керал штатындагы катуу суу ташкынга байланыштуу сапарды кийинкиге жылдырууга туура келген. Августта Душанбеде Тажикстандын Соода-өнөр жай палатасы менен PSP Traders & Services Pvt.ltd көргөзмө компаниясы тарабынан уюштурулган индия товарларынын көргөзмөсү гана өткөн.

Былтыр Улуттук-демократиялык альянс деп аталган башкаруучу партия тарабынан президенттикке талапкерлиги көрсөтүгөн Ковинд жеңишке жетип, кол тийбестердин кастасындагы экинчи мамлекет башчы болуп калган. Ал ыйгарым укуктарын аткарууга былтыр 25-июлда киришкен.

Пикир

Оставить комментарий