Яндекс Go Кыргызстанда кайрымдуулук уюмдарына жардам берет: сервис жолдун ар бир 10 км 1 сомдон соопчулукка которот

Коом 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Ноябрь ичинде Яндекс Go Кыргызстандагы кайрымдуулук уюмдарына жардам берүү акциясын өткөрөт. Бул ишке тиркеменин бардык колдонуучулары катыша алат.

Бул соопчулук ишке өзүбүздүн адаттарды өзгөртпөй эле салым кошууга болот. Ал үчүн жума күндөрү такси менен жол жүрүү жетиштүү. Акцияда бардык Яндекс Go тарифтерин колдонууга жана сервис иштеген бардык шаарларда катышууга болот.

Канчалык көп сапар болсо, ошончолук көп салым кошобуз – ал үчүн өзүбүзгө жана жакындарыбызга такси чакыруу керек. Сервис жума күндөрү жолдун ар бир 10 чакырымынан 1 сомду өз эсебинен Кыргызстандын кайрымдуулук уюмдарынын пайдасына которот.

Топтолгон сумма программанын өнөктөштөрүнө: Help the Children – SKD, «Биринчи балдар хосписи», «Бириккен-кол», «Үмүт-Надежда» уюмдарына жардамга бөлүнөт.

Акция бир ай бою күчүндө болот. Анын жыйынтыгы 28-ноябрь күнү «Кеӊ пейил шейшембиде» чыгарылат. Ал күнү бардык дүйнө өлкөлөрүндө адамдар кимге, кантип жардам берип жатканын айтып берет, ал эми коммерциялык уюмдар жана бизнес чөйрө кайрымдуулук иш-чараларын өткөрөт.

«Кеӊ пейил ноябрь» - Яндекс Go баштаган эӊ сонун акция, ал ар бир колдонуучуга соопчулук иш жасоого жана колдоого муктаждарга жардам берүүгө мүмкүндүк түзөт. Биздин кызматташтык бекемделип жатканына абдан кубанычтабыз жана биз биргеликте паллиативдик колдоого муктаж балдарга көбүрөөк жардам бере алабыз. Акция көп адамдарга хоспис жөнүндө билүүгө эӊ сонун мүмкүнчүлүк берет», — деп «Биринчи балдар хосписи» ККФ директору Ольга Труханова ой бөлүштү.

«Биз колдоо үчүн Яндекс Go компаниясына ыраазыбыз. Компания уюштурган кайрымдуулук сапарлары балдарга реабилитациялык борбордон медициналык жардам алууга, ар кандай иш-чараларга катышууга жана өз жашоосун кызыктуу кылууга жардам берет. Яндекс Go компаниясы жана «Кеӊ пейил ноябрь» акциясы – бизнес коомго кантип пайдасын тийгизе алары жөнүндө эӊ сонун мисал», — деп «Үмүт-Надежда» Балдар реабилитациялык борборунун Башкарма төрайымы Инга Шелике айтып берди.

Сервис Кыргызстандагы бир нече кайрымдуулук уюмдарынын камкордугунда турган бейтаптарды акысыз ташууну уюштурууга жардам берет. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү колдонуучулар такси чакыруу жана жол жүрүү үчүн маанилүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө Яндекс Go опцияларында көрсөтө алат. Алар өзүнчө атайын мүмкүнчүлүктөр экранына топтолгон. 2023-жылдын май айынан тартып атайын опциялар менен 19 000 сапар ийгиликтүү аткарылган.
Кайрымдуулук уюмдары жөнүндө:

Биринчи балдар хосписи

Биринчи балдар хосписи – бул катуу оорулуу балдарга паллиативдик жардам берген кайрымдуулук фонду. Хоспис 7 жылдан бери иштейт жана кайрымдуулуктун эсебинен гана ишин улантууда. Паллиативдик кызматтын негизги идеясы – катуу жана айыкпай турган ооруларга кабылган балдарга жана алардын бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө сапаттуу жашоо мүмкүнчүлүгүн берүү. Учурда 70 үй-бүлө хоспистин камкордугуна алынган.

Help the Children – SKD

«Help the Children – SKD» коомдук кайрымдуулук фонду онкологиялык, гематологиялык жана иммунологиялык оорулардан жабыркаган балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берип келет. Фонд 2007-жылдан бери балдар үчүн зарыл дарылоону төлөйт, оорукана бөлүмдөрүндө ыӊгайлуу шарттарды түзөт, дарыгерлерге колдоо көрсөтөт жана окутат.

«Бириккен-ко» КБ

Аутизмден жабыркаган балдардын ата-энелеринин "Бириккен-кол" коомдук бирикмеси 2012-жылы түзүлгөн, бул азыр өлкөдөгү майып балдар менен иштешүү жана алардын кызыкчылыктары коргоо жаатындагы алдыӊкы бейөкмөт уюмдардын бири. Борбордун адистери дүйнөлүк мыкты практиканы пайдаланат. 10 жылда борбордон 1400 ашык бала реабилитациялык кызматтарды алды, алардан 459 бала жалпы билим берүү мекемелерине өттү. "Бириккен-кол" аймактардагы башка борборлор, дарыгерлер, педагогдор, социалдык өнүктүрүү кызматкерлери үчүн менталдык майыптыгы бар балдарга тиешелүү маселелер боюнча тренингдерди жана консультацияларды өткөрүп турат.

«Үмүт-Надежда» БРБ

«Үмүт-Надежда» балдардын реабилитациялык борбору – ден соолугунун өзгөчөлүгү бар балдарды инклюзия жана реабилитация кылуу максатында уюшулган коомдук кайрымдуулук фонду. Борбор дарылоочу педагогика боюнча адистерди окутат, социалдык-психологиялык жардам көрсөтөт, балдарды өнүктүрүүчү жана терапевтик сабактарды өткөрөт. Азыркы учурда борбордон 70 ашык бенефециар жардам алат.

Пикир

Оставить комментарий