• 87
  • 90.63
  • 0.79

"Яндекс Таксинин" басма сөз кызматы депутат Жанар Акаевдин сөзүн төгүндөдү

Коом 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. "Яндекс Такси" айдоочулардын кирешесинен 21% кармап жатат деген билдирүү чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, Кыргызстанда сервисти пайдалануунун сый акысы 10%ды түзөт, ал эми борбордогу жогорулатылган тарифтерде КНС жана СТС кошуп алганда 17%дан ашпайт. Сервистин сый акысы өлкөдө 2023-жылдын февраль айынын бери өзгөрө элек.

"Алынган сый акынын олуттуу бөлүгүн биз рынокко инвестициялар түрүндө кайтарабыз, мисалы өлкөдө билим берүү жана социалдык долбоорлорду ишке ашырабыз: балдар үчүн программалоо мектебин, информатика мугалимдери үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарын, коммерциялык эмес уюмдарды жана башка демилгелерди системалуу түрдө колдоого алабыз. Биз сый акыдан топтолгон каражаттын бир бөлүгүн өнөктөштөр, айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн мотивациялык программаларга жумшайбыз. Мындай программалар сервистеги суроо-талап балансын колдоого багытталган, бул линиядагы айдоочуларынын санынын жол жүрүүнү каалаган кардарлардын санына шайкеш келишин, ал эми чакыруулар үчүн айдоочулар дайыма жетиштүү болушун камсыз кылат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, компания өнөктөштөрдү Кыргызстандагы автоунаа кураштыруу боюнча “Тулпар Моторс” биринчи заводунун унааларын сатып алууга үндөйт. Бул демилгенин жардамы менен өнөктөштөр өз автопаркын жаӊылап, кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшырта алышат, ошону менен республиканын экономикасына дагы инвестиция салышат.

"Биз Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштейбиз жана мамлекеттик органдар менен, анын ичинде Антимонополиялык жөнгө салуу кызматы менен диалог жүргүзүп турабыз. Өткөн жылы жүргүнчү ташуу рыногунун катышуучуларынын кызыкчылыктарынын балансын сактоого багытталган кызматтык макулдашуу түзгөнбүз.

Биз Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынан суроо-талаптарды жөнгө салуу боюнча ар кандай сурамдарды туруктуу негизде алабыз жана суралган бардык маалыматты беребиз", - дешти "Яндекс Таксиден".

Компаниядан белгилешкендей, сервистин кызмат көрсөтүү коэффиценти 10 эсе жогорулап кетти деген билдирүү дагы чындыкка туура келбейт.

Пикир

Оставить комментарий