• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Японияда күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болду

Дүйнө 0

Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Күн мурун Япониянын түштүк-батышында күчү 6,9 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу өлкөнүн Метеорологиялык агенттиги маалымдаганын Еuronews жазды.

Зилзаланын очогу Кюсю аралына жакын жерде жайгашкан. Жер титирөө Осака шаарында да байкалганы айтылды.

Жердин силкинүүсүнө чейин цунами коркунучу боюнча жашоочуларга билдирүү таркатылган. Ошондой эле жээкке жакын жашагандарды эвакуацияланууга сунуш берилген. Жер титирөө боло турган күнү кээ бир поезддер ишин токтоткон.

Зилзаладан кийин кыйроолор боюнча маалымат айтыла элек.

Пикир

Оставить комментарий