• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

III ДКО: Гореш боюнча мелдештин жыйынтыктары чыкты

ДКО 2018 0

Чоллпон-Ата, 09.08.18. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы Ден соолукту чыңдоо комплексинде түркмөн гореши боюнча мелдештер өттү.

Мелдештерге 14 өлкөдөн 32 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

62 килограммга чейин:

1-орун – Новруз Эйебердиев – Түркмөнстан – 70 миң сом;

2-орун – Алексей Абрамов – Россия – 35 миң сом;

3-орун - Евгений Бикташев – Россия – 17 миң 500 сом;

3-орун – Адилет Шалгынбек уулу – Казакстан – 17 миң 500 сом.

82 килограммга чейин:

1-орун – Режегелди Гулынчниязов – Түркмөнстан – 70 миң сом;

2-орун – Руслан Табалдиев – Кыргызстан – 35 миң сом;

3-орун – Игорь Беслига – Молдова – 17 миң 500 сом;

3-орун – Георгий Канкава – Грузия – 17 миң 500 сом.

Абсолюттук салмак категориясы:

1-орун – Ыбраимгулуев Арслан – Түркмөнстан – 70 миң сом;

2-орун – Тажигул уулу Байышбек – Кыргызстан – 35 миң сом;

3-орун – Амандык Абылай – Казакстан – 17 миң 500 сом;

3-орун – Рахимов Шерзод - Өзбекстан – 17 миң 500 сом.

Жалпы командалык эсеп:

1-орун – Түркмөнстан (3 алтын медаль)

2-орун – Кыргызстан (2 күмүш медаль)

3-орун – Россия (1 күмүш жана 1 коло)

Маалымат үчүн: Гореш – түркмөндөрдүн улуттук күрөшү. Тарыхый булактарда түркмөндөрдүн ата-бабаларында күрөштүн ыкмаларын эркектер гана эмес, аялдар дагы билишкендиги айтылат.

Атактуу балбандар таланттуу балдарды алышып, алардан күрөштүн чеберлерин – палвандарды чыгарышкан. Алар да убакыттын өтүшү менен топтогон тажрыйбасын өздөрүнүн шакирттерине өткөрүп беришкен. Гореш түркмөн күрөшү бир нече кылымдардан бери муундан муунга өтүп, бизге башындагыдай абалда жеткен.

Миңдеген жылдар бою түркмөндөрдүн бардык үй-бүлөлүк жана коомдук майрамдары жергиликтүү палвандардын мелдештери жок өтпөйт. Мыкты балбандар тууралуу уламыштар, поэмалар жана ырлар чыгарылган. Байгелер материалдык сыйлыктар гана эмес, урпактардын эсиндеги өлбөстүк болгону тууралуу кармаштар жөнүндө окуялар ооздон оозго айтылып келген.

Пикир

Оставить комментарий