• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өзбекстанда мектеп катчысы муунуп өлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Жизак облусунун Даштабад шаарындагы №50 орто мектепте катчы болуп иштеген кыз мал короосунда асынып алды. Маркумдун туугандары ал ушак-айыңдын курмандыгы болду деп эсептешет.

«Кыз убагында турмушка чыга алган эмес. Шаарда ал өзү иштеген мектептин директору менен жүрөт деген сөздөр тараган. Маркум мындай шермендечиликти көтөрө алган жок», – деди анын кошуналарынын бири.

Окуя 31-августта болгон. Бул факт боюнча тергөө жүрүүдө.

№50 орто мектептин директору Ульфат Халиков кызматкеринин өлүмү баарын нес кылганын билдирди. “Ал абдан жакшы киши болчу. Асынып алганын угуп, таң калдык. Өз жанын кыйганга чейин баары эле анын жакшы маанайда жүргөнүн көрүшкөн. Биздин мектептин жетекчилеринин бири менен романы болгон деген сөздөр караандай калп ”, – деди ал.

Акыркы үч жылда Жизак облусундагы №50 орто мектеп экинчи жолу ММКлардын көңүлүн бурууда. 2015-жылы окуу жайдын дене тарбия мугалими сексуалдык жаңжалга кабылган. Анда окутуучу бачабаз экени жана 1-класстын эки окуучусун зордуктаганы кабарланган. Кийинчерээк мугалим 17 жылга түрмөгө кесилген.

Пикир

Оставить комментарий