III ДКО: Кырчын этношаарчасында “Жүк жыйуу” сынагы кызуу жүрүп жатат

ДКО 2018 0


Ысык-Көл, 05.09.18. /Кабар/. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөңдөр оюндарынын маданий программасынын алкагында Кырчындагы этношаарчада “Жүк жыйуу” сынагы кызуу жүрүп жаткан кези. Анда Кыргызстандын бардык облустары, Бишкек, Ош шаарлары жана коомдук уюмдар ат салышууда.

Сынактын эрежеси жөнөкөй – ким эң биринчи болуп жерде чачылган жууркандарды шамдагай чогултуп, өз ордуларына жараша жыйса жеңүүчү аталат. Аларды жыйуудагы бардык шарттар эске алынышы керек.

Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.

Баткен облусунан келген Убадат Сабурова билдиргендей, ар бир жууркандын өз орду жана сакталуучу жайы болот.

Пикир

Оставить комментарий