• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

III Элдик курултай. Билим берүү жана илим министрлигине 105 кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 20.12.24./Акназик Тургунбаева - Кабар/.III Элдик курултайда Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери делегаттар менен иш алып барууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептен тышкары кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинванын маалыматына ылайык, учурда делегаттардан Билим берүү министрлигине жалпы 105 кайрылуу түштү.

“Арыз ээлерине сөзсүз түрдө мыйзамда белгиленген убакытта жазуу түрүндө жооптор берилет”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайга 689 делегат, президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетининин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий