• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

III Элдик курултай: делегаттар көтөргөн маселелер

Коом 0


Бишкек, 21.12.24./Жазгүл Мадинова - Кабар/. Бүгүн Бишкекте өткөн III Элдик курултайдын экинчи күнү жер-жерлерден келген делегаттардын кайрылуулары, сунуш-пикирлери менен башталды.

Биринчилерден болуп Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынан келген делегат Асан Нусупбековго сөз берилип, ал таза суу жана жер тартыштыгы маселесин көтөрдү. Анын айтымында, шаардагы суу түтүктөрү 1950-60-жылдары тартылып келген, учурда авариялык абалга кептелип, суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылчылыгы турат. Мындан тышкары, ал Кочкор-Ата шаарындагы жер тартыштыгы маселесин да көтөрүп, азыркы тапта жер алуу үчүн 2 жарым миңге жакын адам кезекте турганын айтты.

Мындан тышкары, делегаттар Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын ишке киргизүү, жол куруу, кичи ГЭСтерди ишке берүү, чакан ишкана, ооруканаларды куруу, жумуш орундарын түзүү, миграция жана башка тармактагы маселелерди көтөрүштү.

Соңунда өлкө башчы Садыр Жапаров делегаттардын сунуш-пикирлерине жооп берип, тийиштүү министрликтерге маселелерди чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек, III Элдик курултай 20-21-декабрь күндөрү өткөрүлдү. Ага жалпы республика боюнча 700гө жакын делегат катышты.

Пикир

Оставить комментарий