Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана играция министрлигинин кызматкерлери Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп беришүүдө.
Ведомствонун маалыматына ылайык, министрлик жарандарды кабыл алуу үчүн атайын бурч уюштурду.
Учурда Эмгек министрлигинин дарегине делегаттардан ар кандай социалдык маселелерге байланыштуу алты - төрт оозеки жана жазуу жүзүндө эки кайрылуу түштү.
Делегаттар тарабынан негизинен чек ара аймактарында жашаган жарандар үчүн "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо тартиби жана аны алуу шарттарын тактоо, "Келечекке салым" балдар депозитине байланыштуу маселелер, "Баатыр эне" жөлөкпулун алууга байланышкан маселелер болду.
Ошондой эле курултайдын катышуучулары министрликтин өкүлдөрүнө суроолорду берип, социалдык коргоо, эмгек укуктары, миграция жана башка актуалдуу маселелер боюнча суроолорду берип жана сунуштарды айта алышат.
Пикир
Оставить комментарий