• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

III Элдик курултай. Энергетика министрлигине 42 кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 20.12.24./Акназик Тургунбаева - Кабар/.III Элдик курултайда Энергетика министрлигинин кызматкерлери делегаттар менен иш алып барууда.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин маалыматына караганда, жолугушуунун алкагында энергетика боюнча жалпы 42 кайрылуу түштү.

“Делегаттардын көпчүлүгү газдаштыруу, кубаттуулукту көтөрү, ГЭС куруу, аба чубалгыларын, трансформатор жана мамычаларды жаңылоо маселелери менен кайрылууда” - деди министр.

Ибраев делегаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынарын баса белгиледи.

"Ар бир кайрылган делегаттардын маселеси орундуу жана биз үчүн маанилүү. Биздин башкы максат - элге жарык жана жылуулук берүү. Былтыркы курултайда келип түшкөн кайрылуулар бир жыл ичинде 99 пайызы аткарылып, 1 пайызы аткаруу процессинде. Быйыл түшкөн кайрылуулар дагы 100 пайыз аткарылат", - деди ал.

Белгиленгендей, бүгүн курултайдын биринчи бөлүгү саат 19:00гө чейин уланып, жүрүшүндө 150 делегатка сөз берилери белгилүү болду. Элдик жыйын 2 күн бою Улуттук филармонияда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий