• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

III Элдик курултай. Транспорт министрлигине 200дөн ашык кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан III Элдик курултайдын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 200дөн ашуун кайрылуу түштү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага өлкөнүн 7 облусунан, Бишкек жана Ош шаарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700гө жакын делегат келген.

Кезектеги Элдик курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилери катышып жатат.

Ошондой эле алыскы аймактардан келген делегаттардын суроо-талабын угуу максатында филармониянын фойесинде атайын аянтча уюштурулган.

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жол-транспорт тармагына байланыштуу маселеси менен келген жарандар менен түз жолугуп, суроо-талабын угууда.

Ведомство жетекчиси менен биргеликте делегаттардын кайрылуу, суроолоруна министрдин орун басары Бекназар Базаралиев, министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери ыкчам жооп берүүдө.

Мындан тышкары, министрликтин өкүлдөрү бардык келип түшкөн кайрылууларды каттап, тиешелүү жооптор берилерин белгилешти.

Азыркы тапта министрликке жол тармагына байланыштуу 200дөн ашуун кайрылуу келип түштү.

Белгилей кетсек, Элдик курултай эртең дагы уланат.

Пикир

Оставить комментарий