• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ИИМ аймактардагы милиционерлердин санын көбөйтүүнү пландоодо

Коом 0

Бишкек, 07.08.18 /Кабар/. Ички иштер министрлиги участкалык милиционерлердин жана жашы жете электердин иши боюнча инспекторлордун штаттык санын көбөйтүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык офисинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушуусу учурунда айтылды.

Жунушалиев ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси менен ИИМдин жемиштүү кызматташтыгынын эффективдүүлүгүн, милицияны реформалоо боюнча чоң колдоону жана техникалык баа жеткис жардамды белгилеп өттү.

ИИМдин башчысы президент Сооронбай Жээнбековдун “2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” указына ылайык жана ИИМдин системасын реформалоонун алкагында аймактардагы милиционерлердин санын көбөйтүү маселеси иштелип жатканын айтты.

Жолугушууда Ички иштер бөлумдөрүн жакшыртууга багытталып ишке ашырылып жаткан долбоордун эффективдүүлүгү, активдүү кызматташтыкты жана өз ара аракетти бекемдөө белгиленди. Эки тарап жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн узак мөөнөттүү долбоордук кызматташтык жөнүндө макулдашты.

“ИИМ менен ЕККУнун алдыдагы кызматташтыгы өнүгөт деп үмүттөнөм”, - деди Жунушалиев.

Өз кезегинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс ИИМди колдоп, кыргыз милициясына керектүү жардамды берүүгө даяр экендигин белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий