• 87
  • 91.29
  • 0.84

ИИМ Академиясынын кызматкери менен курсанттары сууга аккан кызды куткарып калышты

Коом 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/.ИИМ Академиясынын кызматкери менен курсанттары сууга аккан кызды куткарып калышты. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июнда КР Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттары Б.Молдосанов, Тынчтык уулу М., Б.Акматов жана Академиянын кызматкери милициянын прапоршиги М.Осеков Аламүдүн -1 кичи районунда сууга агып бара жаткан жаш өспүрүм кыздын өмүрүн сактап калышты.

Алар кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына тапшырып беришти.

Пикир

Оставить комментарий