• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Үч шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 48 млн сомдон ашык каражат сарпталат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө 48 млн 344 миң сом сарпталат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айлык акыга 17 млн 253 миң сом, анын ичинен 3 млн 300 миң сому БШКнын кызматкерлерине, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 9 млн 600 миң, Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларына 955 миң сом коротулат.

Соцфондго 2 млн 976 миң сом, кызматтык жол кирелерге 644 миң 400 сом, байланыш кызматтарга 900 миң сом, транспорттук чыгымга 1 млн 242 миң сом, башка чыгымга 20 млн 908 миң 600 сом жана керектүү материалдарды алууга 4 млн 420 миң сом кетет.

Эскерте кетсек, үч шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоо 11-июлда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий