• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

ИИМ академиясынын кызматкерлери адашып кеткен баланы таап, ата-энесине тапшырышты

Коом 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин академиясынын кызматкерлери адашып кеткен баланы таап, ата-энесине тапшырышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен министрликтен билдиршти.

Министрликтен билдиришкендей, бүгүн, 6-май күнү болжол менен саат 11:00дө ИИМ академиясынын кызматкерлери, милициянын полковниги З. Жоробеков менен подполковник Э. Шинеев Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда 4-кичи райондо С. Каралаев көчөсүнөн адашып жүргөн 3-4 жаштагы баланы таап алышкан. Баланы таап алган милиция кызматкерлери ал тууралуу Октябрь райондук милиция бөлүмүнө кабар беришкен.

"Учурда бала ата-энесине кайтарылып берилди. Баланын апасы өз алдынча издөө иштеринен майнап чыкпагандан кийин саат 10:30да Октябрь райондук милиция бөлүмүнө кайрылган", - деп айтылат маалыматта.

Баланын апасы уулун таап бергендиги үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий