• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

ИИМ Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Академиясынын кызматкерлери жана курсанттары Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыктарына бөлүнүп, коронавирус илдетин жайылтпоо максатында алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМ Академиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн сайын Бишкек шаарында жайгашкан коомдук жайларда патрулда жүрүп, шаар тургундарына чектөө чараларын сактоо керектигин эскертип, мүмкүн болушунча жашаган жеринен чыкпоого үгүттөп, зарыл муктаждык жаралганда гана жеке коргонуу каражаттарын колдонуп, социалдык аралыкты сактоо менен көчөгө чыгуусун суранып келишүүдө.

"Ошондой эле шаар тургундарынан өздөрүнүн, улгайып калган туугандарынын жана жаш балдарынын ден соолугуна көңүл буруусүн суранып, жугуштуу илдеттен коргонуу чаралары жөнүндө айтып беришүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий