• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ЖАМК: Даниэл Ажиевдин иши сотко өткөрүлө элек

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) өзгөчө кырдаалга байланыштуу Даниэл Ажиевди Биринчи май сотуна жеткирүүдөн баш тарткан деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдиришти.

ЖАМКтын маалыматына караганда, учурда ал дагы деле тергөө амалында, анын иши сотко өткөрүлө элек.

"ЖАМК өзгөчө кырдаалга байланыштуу Даниэл Ажиевди Биринчи май сотуна жеткирүүдөн баш тарткан деп анын жактоочусу билдирип чыккан. Аталган маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени ал дагы деле тергөө амалында, анын иши сотко келе элек. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бийликтин аткаруучу органы катары соттолуучуларды сотко жеткирип берүүдө соттордун чечимдерин жана талаптарын аткарат", - деп айтылат билдирүүдө.

ЖАМКтан кошумчалашкандай, Ажиев бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн жеке өтүнүчү боюнча жалгыз камерада отурат жана ал тарабынан ден соолугунун абалы боюнча №1 СИЗОнун администрациясына эч кандай даттануулар жана дооматтар болгон эмес.

Белгилей кетсек, социалдык тармак аркылуу одоно билдирүү жасаган Даниэл Ажиев убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий