• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

ИИМ Академиясынын окутуучусу эл аралык сынакта байгелүү орунду ээледи

Коом 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Академиясынын коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасынын улук окутуучусу Айчүрөк Зайырбекова "Илимий китеп" аттуу эл аралык сынакта 3-орунду ээледи.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал сынактын "Кызматтык ишмердүүлүктүн психологиясы" аталышындагы номинациясында "КМШга кирген өлкөлөрдүн ички иштер органдарынын кызматкерлеринин инсандыгын коргоо механизмдеринин этнопсихологиялык өзгөчөлүктөрү" аттуу монографиясы менен 3-орунду ээлеген.

Аталган илимий сынакка КМШ өлкөлөрүнүн Билим берүү министрликтеринин өкүлдөрү катышкан.

Белгилей кетсек, "Илимий китеп" сынагы Россиянын Ички иштер министрлигинин Башкаруу академиясы тарабынан уюштурулуп, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жайылтуу жана КМШ өлкөлөрүнүн автордук жамааттарынын, илимий мектептеринин жана билим берүү министирлигинин ортосундагы чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий