• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ ала качуу кылмыш экендигин эскертет — видео

Коом 0


Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги ала качуу кылмыш экендигин эскертип, атайын ролик даярдады. Анда жашы жете элек өспүрүмдөрдү мажбурлоо менен никеге тургузуу бул адам укуктарынын фундаменталдуу түрдө бузулушу жана ага дуушар болгон жеке адамдар гана эле эмес, жалпы коомдун сак-саламаттыгына терең терс таасирин тийгизери айтылат.

Адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо КР Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесине ылайык үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

ИИМ кыз ала качуу же мажбурлоо менен никеге тургузуу Кыргызстандын маданиятына жана каада-салттарына эч кандай тийешеси жок жана калктын аярлуу тобунун укугун бузуларын дагы бир ирет эскертет.

Пикир

Оставить комментарий