• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жаан жаап, күн күркүрөйт. 9-апрелге карата аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда 9-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүз 12…17, Таласта 10…15 градус болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү температурасы 17…22 градус жылуу болот.

Бишкекте 9-апрелде күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы 13…15 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий