• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

ИИМ Болгарияда Кыргызстандан келди делген баңгизаттын кармалышы боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Болгарияда кармалган баңгизат боюнча маалымат берди.

Ведомстводон маалымдашкандай, күн мурун "Associated Press" маалымат агенттиги Болгария мамлекетинин укук коргоо органдары тарабынан 436 килограмм салмактагы "героин" баңгизаты табылып алынганы жана бул баңгизаттар Кыргызстандан барган жүктүн ичинда катылганын жарыялаган.

Бул маалымат Кыргызстандын маалымат агенттиктеринде жана социалдык тармактарда тарап жатат. Бирок, Болгариянын мамлекеттик органы тарабынан бул маалымат расмий түрдө жөнөтүлгөн эмес.

Окуя боюнча ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы өз кезегинде мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Азыркы убакта жүк Батуми шаарынан барганы маалым жана мындан аркы маалыматтар такталып жатат.

ИИМдин жетекчилиги ири өлчөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз жүргүртүүдөн алуу приоритеттү багыттардын бири деп эсептейт. Бул багытта тийиштүү деңгээлде иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий