• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

ИИМ коррупцияга айыпталгандар 12 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертет

Коом 0


Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Коррупцияга айыпталгандар 12 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, жемкорлук же пара берип, сатып алуу – саясат чөйрөсүндөгү же мамлекеттик башкаруудагы коомдун кооптуу көрүнүшү. Коррупция ишти жаап жашыруудан башталат. Анда пара алуу, шалаакылык, кызмат адамдарынын мамлекеттик же менчик мүлктү энчилеп алуусу, кызматттык абалынан кыянаттык менен пайдалануусу кездешиши ыктымал.

ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине ылайык, айыпталуучунун мүлкү конфискацияланып, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратыларын, ошондой эле он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланарын эскертти.

"Урматтуу жарандар, келечек муун үчүн ар бирибиз жооптуу болуп, мамлекет үчүн кайдыгер карабайлы. Эгерде сиздер коррупциялык көрүнүштөргө күбө болсоңуз 0312 266261 байланыш телефону аркылуу ИИМге кабарлаңыздар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий