Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. 11-апрель саат 20:00дөн тартып 12-апрель таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 95 жаран кармалып, 8 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 66, Ош шаары боюнча - 5, Жалал-Абад шаары - 8, Сузак району – 16. Ал эми, Кара-Суу жана Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.
"Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди. Жалпысынан алганда өлкө аймагында 2384 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын патруль тобу менен кармалды", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий