Талас облустук ооруканасына өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Күн мурун, 11-апрелде Талас облустук ооруканасына өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат жеткирилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Альянс Алтын" ЖЧК акционерлери тарабынан бөлүнгөн 16 млн сомдун алкагында коронавируска каршы күрөшүүгө жана профилактика жүргүзүүгө Талас облустук бириккен ооруканасына өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараты жеткирилди.

"Бул аппарат COVID-19 инфекциясына чалдыккан бейтаптардын өмүрүн сактап калууда маанилүү милдетти аткарат, дүйнө жүзү боюнча бул аппаратка суроо-талаптар көп болгондугуна байланыштуу аппараттын жетишсиздиги байкалууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, бул "Алтын Альянс" компаниясынын регион үчүн биринчи жардамы эмес. Буга чейин коронавирустун чыгышына жол бербөө максатында Таласта азык-түлүк жана медициналык каражаттар түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлүп, аймакты дезинфекциялоо боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий