• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

ИИМ: Жыл башынан бери 14 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталды

Коом 0

Бишкек,05.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 14 миң 293 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн улук тескөөчүсү Эрмек Матиев билдирди.

Матиевдин айтымында, анын ичинен 12 миңине коргоо ордени берилген.

"Кыргызстанда жыл башынан бери 14 миң 293 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталды. Анын ичинен 12 миң жаранга коргоо ордени берилген. Ал эми укук бзуулар боюнча бирдиктүү реестерге катталган жалпы маалыматтын саны 3 миң 457. Ар бир келип түшкөн факты бирдиктүү реестерге катталып, протокол түзүлүп, соттун кароосуна жиберилет”,-деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин саны күндөн – күнгө өсүүдө. Буга байланыштуу зордук-зомбулукту алдын алуу максатында 16 күндүк өнөктүк өтүүдө.

"Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалыматтарды каттоо үчүн атайын бөлүм түзүлдү. Бул албетте, учурда үй-бүлөлүк зомбулукка өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгынан кабар берет.

Мындан сырткары, зомбулук жасаган адамдын мындан ары кайталабашы үчүн анын жүрүм-турумун көзөмөлгө алып туруу күчөтүлдү. Ошондой эле коргоо ордери буга чейин 3 күнгө берилип келсе, эми 30 күнгө берилет. Тилекке каршы үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин саны күндөн-күнгө өсүүдө. Буга байланыштуу өлкөдө зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында 16 күндүк өнөктүк өтүүдө. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу өнөктүгүнүн алкагында бир катар иш-чаралар өтүүдө. Өлкөнүн ар бир облусунда, районунда бул акция активдүү өткөрүлүүдө", - деди ал.

Белгилей кетсек, өлкөдө аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк акциясы өтүүдө. Жыл сайын жүргүзүлүүчү глобалдык акция 25-ноябрь – Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу күнү башталып, 10-декабрь Адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий