• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

ИИМ: Жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1,6 тонна баңгизат алынды

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын алгачкы 3 айында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 тонна 653 кг 412 гр баңгизат алынган. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кеңешмесинде белгилүү болду.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, үч айдын ичинде баңгиликти алдын алуу чөйрөсүндө 89дан ашык иш-чаралар өткөрүлүп, ал 50 миңге жакын адамды камтыган.

Белгиленгендей, жылдын биринчи жарымында ИИМ тарабынан баңгизаттарга байланышкан 365 кылмыш катталып, 3 нарколаборатория аныкталган, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 тонна 653 кг 412 гр баңгизат алынган. Анын ичинен: героин – 14 кг 404 гр, гашиш – 36 кг 074 гр, марихуана – 41 кг 863 гр, кара куурай – 12 кг 692 гр, саман куурай – 13 кг 008 гр, прекурсорлор – 1 т 494 кг 536 гр, психотроптук заттар – 39 кг 979 гр, дары препараттары – 226 гр, башка дарылар – 630 гр (кара куурай экстракты жана майы).

Пикир

Оставить комментарий