• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 7 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында тунике менен жабылган жалпы аянты 2 чарчы метрди түзгөн 2 кабатуу мал сарай, жыйылган 300 түк чөп, 40 терек толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Ак-Булак айылында турак үйдүн 15 чарчы метр жер төлөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок 1 айылында Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 170 чакырымындагы “Куямат кыргоол” тилкесинде 0,70 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Пикир

Оставить комментарий