• 85.8
  • 93.2
  • 0.88

ИИМде милиция кызматкери болууну кыялданган балага белектер берилди

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Милиция кызматкери болууну кыялданган бала Ички иштер министрлигинен белектерди алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Социалдык түйүндөрдө Талас районунун Шекер айылынын 10 жаштагы тургуну, Казакстан менен чектеш жерде мал кайтарып жүргөн видеосу кеңири тарап, коомчулукта резонанс жараткан.

Бала ата-энесине жардам берип, мал жайып жүргөнүн айткан. Ошондой эле берген интервьюларынын биринде келечекте милиция кызматкери болууну кыялданарын бөлүшүп кеткен.

Бул тууралуу билген милиция кызматкерлери мектеп окуучусуна жагымдуу маанай тартуулап, белектерди берүүнү чечкен.

Бүгүн, ички иштер министринин атынан кичинекей Бектурганга белектер тапшырылып, аны билим күнү менен куттуктап, келечекте өз элине кызмат кылган татыктуу милиция кызматкери болууну каалашты.

Белгилей кетсек, 10 жаштагы Бектурган Бишкек шаарындагы мектептердин бирине которулган.

Пикир

Оставить комментарий