• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Индонезияда 1,8 миллион жыл мурунку Homo erectusтун калдыктары табылды

Коом 0

Бишкек, 08.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Индонезиянын Ява аралында жергиликтүү археологдор тарабынан байыркы Homo erectusтун (түз басып жүрүүчү) таш болуп калган калдыктары табылды. Бул калдыктар жашы курагы боюнча эң мурунку деп табылганын РИА Новости Jakarta Post газетасынын интернет баракчасына шилтеме берүү менен билдирет.

Jakarta Postтун билдирүүсүнө ылайык, табылган калдыктар Индонезияда 1,8 миллион жыл мурун Homo erectusтун болгонун далилдейт. Буга чейинки табылган калдыктардын жаш курагы 1,5 миллион жыл мурун болгонун көрсөтчү.

Бүгүнкү күнгө чейин Homo erectusтун калдыктары, индонезиялык археологдордун табылгаларынын жаш курагы менен караганда Африка, Азия жана Европа өлкөлөрүнүн айрым жерлеринде байкалган. Ошондой эле Кавказда, 1991-2005-жылдары Грузиядагы табылган калдыктар жаш курагы 1,8 миллион жыл мурун жашашканы билинип, эң мурунку деп эсептелинчү.

Түз басып жүрүүчү адамдар биологиялык түр катары болжол менен 2 миллион жыл мурун калыптанган.

Пикир

Оставить комментарий