ИИМдин музейинде мектеп окучуулары үчүн экскурсия уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Бүгүн Ички иштер министрлигинин С.Наматбаев атындагы музейинде А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясынын окуучулары үчүнэкскурсия уюштурулду.

Ведомстводон билдиришкендей, экскурция Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан уюштурулган.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Мекенди, ардагерлерге болгон сый-урматты калыптандыруу жана ИИОдо кызмат өтөөгө кызыгууну арттыруу максатында жаш муундар менен ар дайым жолугушууларды өткөрүп турушат.

Бул иш-чаралардын негизги максаты окуучуларды укуктук маданиятка тарбиялоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата ишенимин, маанайын жогорулатуу болуп саналат.

Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги милдеттери жана анын тарыхы жөнүндө, ошондой эле экспонаттардын, сакчылардын ар кайсы жылдардагы кызматы жөнүндө маалымат алышты. Андан сырткары окуучулар бул кесиптин кыйынчылыктары жана артыкчылыктары тууралуу дагы угушту. Курал-жарактарды жана аскердик снаряддардын муляждарын чогултууга да абдан кызыгышты. Ошондой эле, окуучулар музейге коюлган ар кайсы жылдардагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кийимдерине өзгөчө көңүл бурушту.

Экскурсиянын соңунда балдар көптөгөн эмоцияларды жана жакшы таасирлерди алышып, музейдин кызматкерлеринин меймандостугуна жана абдан кызыктуу экскурсия өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий