• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстан менен Япониянын экологиялык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Жаратылышты ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин Россия, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча департаментинин директору Масаси Ватанабэ менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушунун журүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы экологиялык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында меморандум жана Биргелешкен кредит механизми жана жүргүзүлүп жаткан иш аракетттер тууралуу сөз болду.

Министр Тургунбаев Биргелешкен кредит механизмин негизинде жүргүзүлүп жаткан иштер менен маалымат бөлүшүп, жакын арада аталган механизмдин талаптарына ылайык жол картасы жана башка министрликтер жана ыйгарым укуктуу органдары менен жумушчу топ түзүлөөрүн маалымдады.

Япон тараптан Масаси Ватанабэ Япониянын Japan’s Energy Policy for Net-zero emission Society by-2050 долбоорунун негезинде абага таштанды чыгарбоо боюнча аткарылып жаткан иштери жана пландары менен бөлүшүп, ошондой эле Кыргызстандын тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарынын кызматкерлери менен тажрыйбаларын бөлүшүү жана аларды окутууга кызыктар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий