• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кемпир-Абад маселеси. Жолугушуу жогорку деңгээлде өттү – Эрлан Бекчороев

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Талаш-тартыш оппозицияга да, бийликке да пайда алып келбейт. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугушуудан кийин Кемпир-Абад боюнча маселе көтөрүп, бийликке нааразычылыгын айтып келген активист Эрлан Бекчороев билдирди.

"Кабар" агенттигине берген комментарийинде Бекчороев Камчыбек Ташиев менен болгон жолугушуу жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи.

"Бүгүн Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад боюнча маселе көтөрүп чыккан активист жана саясатчыларды кабыл алды. Жолугушууда ал чек ара боюнча аткарылган иштер, алдыдагы пландары менен бөлүштү. Албетте, Кемпир-Абад боюнча суроолорду берип, жооп алдык. Башкысы ийри отуруп, түз кеңешип, саясий консенсуска келдик. Саясий иш саясий диалог менен гана бүтөт. Башка жолу жок. Жеке менин пикиримде жолугушуу жогорку деңгээлде өттү", - деди ал.

Активист жолугушууда Кемпир-Абад маселеси гана көтөрүлбөстөн, оппозиция менен бийликтин мамилеси, улуттук диалог боюнча да сөз болгонун кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад иши боюнча маселе көтөргөн активисттерди кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий