Жигит эрктүү, жоопкерчиликтүү жана чечкиндүү сапаттарга ээ болуш керек деп айтылат эмеспи. Ал эми атайын багыттагы кызматтардын (спецназ) адамдары бул мүнөздөрдөн тышкары кажыбас кайрат, ар намыс жана чыдамкайлык деген түшүнүк менен уктап ойгонушу керек. Алар өздөрүнүн жашыруун, сырдуулугу менен көпчүлүк окурмандарды кызыктырып турат.
"Шумкар" атайын багыттагы полкунун жана ыкчам чара көрүү атайын отрядынын (СОБР) мурдагы кызматкери Толкунбек Токобаев атайын операцияларга чыккан учурунан бир үзүндү айтуу менен бизди кызыктырды.
— Саламатсызбы, Толкунбек мырза. Алгач өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, кантип жана эмнеге “Шумкар” полкунда кызмат өтөп калдыңыз?
— 1998-жылы Нарын шаарындагы №2058 аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө чакырылып калдым. Кызматым бүтөөр алдында штабдын жетекчиси Тезекбаев, менин улуу агам катары өлкө аймагында жумушсуздук күч алып жаткандыгын айтып, аскер бөлүгүндө калууну сунуштады. Көпкө ойлонбой калууну чечип, №93546 бөлүгүнө которулдум. Арадан үч жыл өткөн соң, 2001-жылы ИИМдин ички аскерлеринин “Шер” атайын отрядынын катарына кошулдум.
Ал эми 2014-жылы Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин (ред.: азыркы Коргоо министрлиги) ички аскерине которулуу маселеси көтөрүлдү. Биздин жетекчилик келип, Ички иштер министрлигинде атайын багыттагы полку түзүлүп жатканын билдирип, “эгер кааласаңар, рапорт жазып, өтсөңөр болот” деген. Өзүм көнүп калган жерде эле калууну чечип, рапорт жазып, калып калгам.
— “Шумкар” атайын багыттагы полкуна кандай милдеттенмелер жүктөлгөн?
— Милдеттенмелерине коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, куралдуу кылмышкер же топторду кармоо, жок кылуу, өзгөчө маанилүү объектилерди кайтаруу, коргоо, атайын жүктөрдү коштоп жүрүү, делегацияларды тосуу жана коопсуздугун камсыздоо кирет. Ошондой эле ар кандай иш-чараларда тартипти сактоо.
— Кызмат учуруңузда бир катар операцияларга катышсаңыз керек. Алардын бирөөсү тууралуу сөз кылсаңыз.
— Ооба, көптөгөн операцияларга катыштым, алардын айрымдарын тилекке каршы айта албайм. Акыркы операциялардын бирин айтсам, 2015-жылы №50 абактан тогуз кылмышкер качып кеткен. Анда аларды издөө жана кармоо боюнча атайын иш-чара жүргүзүлгөн. Ал күн дагы деле эсимде. Баарыбызды ойготуп, куралдантып, шаардын четине издөө иштерин жүргүзүүгө алып чыккан. Каралбай калган имарат, үйдүн кычыгына чейин карап чыкканбыз. Ачыгын айтканда, коркуу сезими болгон, анткени күн-түн дебей кызматта болдук. Издеп жатканда качкындар бир жерден чыга калабы деген ойлор болуп жатты.
Качкындардын бешөө дароо кармалганы менен эң акыркысы Итибаевди кармоо операциясы “Достук” кичирайонунда жүргөн. Ал жерде УКМКнын “Альфа” бөлүгү, ошол маалда ИИМден өзүнчө болгон СОБР дагы болгон. Кылмышкерди кармоо учурунда ал курал колдонуп, аткылай баштаган. Жалпы жонунан атайын операция 4-5 саатка созулуп, жыйынтыгында абактан качкандардын тогузунчусу жок кылынган. Тилекке каршы, опрециянын жүрүшүндө СОБРдын офицери көз жумган.
— Ушул сымал атайын операция, иш-чаралардын алдында кандай сезимде болосуздар?
— Ар бир аскер, спецназдын офицеринде коркуу, толкундануу сезимдери болбой койбойт. Бул адам баласы үчүн кадимки эле көрүнүш. Меним оюмча, коркуу сезими жок адам болбойт.
— Атайын багыттагы кызматтардын (спецназ) кызматкерлери кандай болушу керек?
— Бир гана атайын багытта эмес, аскер кызматкерлеринин баары психикалык жактан даяр, дене түзүлүшү мыкты, акылдуу, адилеттүү, ар кандай кырдаалдан чыгып кете алгандай болушу керек.
— “Шумкар” полкунун кызматкерлеринин бир күндүк күн тартиби жөнүндө айтып берсеңиз?
— Офицер, жоокер болобу таң машыгуу менен атат. Программага жараша күн сайын физикалык, ок атуу тактикалык даярдыктар жүрөт. Ар бир бөлүк, отряд, полктун өзүнүн бир күндүк программасы болот. Спецназда бош убакыт деле болбойт.
Күжүрмөн даярдыктын офицерлери өтүлө турган сабакты бекитет: мисалы бүгүн 5 чакырымга чуркоо, 30 отжимания, 30-45 жолу тартынуу жана башкалар. Андан кийин бир нече топторго бөлүнөт. Кээ бири машыгуу залына, күрөш килемине барса, айрымдары футбол, волейбол ойношот. Мындан сырткары, теориялык билимге бир нече саат берилет. Анда мыйзам, устав, Укук бузуулар жөнүндө кодекстерди окутат. Ушинтип бир күн өтүп кетет.
— Спецназдын экипировкасына эмнелер кирет?
— Бул абалга жараша болот. Ар бир кызматкердин өзүнүн экипировкасы дагы болот. Эгер жөнөкөй бир жоокерди алсак, атайын кийиминен бөлөк бронежилет, каска, коргоочу көз айнек, өзүнө таандык курал (бир канча болушу мүмкүн) болот. Көзгө атар снайпер болсоң, маскхалат (жарышынуучу кийим), жаныңда ок атууга көмөктөшкөн жардамчың дагы болушу керек.
— 2010-жылкы Июнь окуясына дагы катышсаңыз керек...?
— Кызмат өтөп жаткан учурда Кыргызстандын аймагында болгон бардык окуяларга катышкам. 2005-2010-жылдагы революцияга, Баткен, Ош окуясына катышкам. 2019-жылга чейин, андан кийин пенсияга чыктым. Бизде бир гана максат болгон — коомдук тартипти жана жарандардын коомсуздугун камсыздоо.
2010-жылы Ош шаарына киргенде эле баары өрттөнгөнүн, элдин кыйкырганын көрүп, укканбыз. Шаардын бир аймагына жеткенде көчөлөрдө адамдардын сөөктөрү жатканын көрдүк. Бир учур эсте калган: жолдо таанылгыс абалга чейин күйүк алып жан берген адамдарды көрүп, башында аны манекен деп ойлоптурмун. Анткени жол боюнда дүкөндөр болчу...
Ал учурда бактыга жараша курал колдонгон жокпуз. Элге оозеки түрдө маалыматтарды жеткире алдык. Аны менен бирге чет элдик жарандарды аэропортко жеткирүү, эвакуациялоо иштерин аткарганбыз.
— Сөздү көпчүлүгүн кызыктырган крап беретине бургум келип жатат. Аны алуудагы сынактардын тартиби тууралуу айтып берсеңиз, дегеле канча адам ал беретти ала алат?
— Полктун бардык кызматкерлери кара беретти кийип жүрөт. Биздин арабызда өзгөчөлөнгөн крап берети бар. Аны алуу үчүн жылына бир жолу сынак өткөрүлөт. Ага өзүнүн күчүнө ишенген бардык жоокер катыша алат. Бирок алардын көбүнүн даярдыгы начар болуп, аягына чейин чыга албай калышат.
Крап беретин тапшырыш үчүн жоокерлер төрт этаптан өтүш керек. Биринчиси, толук экипировкада 20 чакырымга чуркоо. Экинчи этапта чыдамкайлык текшерилет, катышуучулар Долматов (Купер) тесттинен өтүшү керек. Кийинки баскыч ок атуу жана жыйынтыктоочу болуп эки мүнөттөн спаррингге чыгуу. Беттешти буга чейин крап беретин алган төрт адам менен өткөрүш керек. Бул сыноолордон ийгиликтүү өткөн соң кыялданган берет тапшырылат. Эгер 100 адамдын ичинен 5-6 жоокер мыктылыгын көрсөтүп, ал баш кийимди алса, менимче, бул жакшы көрсөткүч.
— Маегиңизге рахмат.
Белгилей кетсек, "Шумкар" атайын багыттагы полкунун жана ыкчам чара көрүү атайын отрядынын (СОБР) мурдагы кызматкери Толкунбек Токобаевдин видео сюжетин дагы көрсөңүздөр болот.
Адил Төлөгөнов
Пикир
Оставить комментарий