• 87
  • 90.41
  • 0.84

Имамидин Ташов ден соолугуна атайылап залал келтирген – УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Имамидин Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өзүнүн ден соолугуна атайылап залал келтирген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-октябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери тарабынан пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Ташовдун курсак тарабынан бычактан алган эки жаракаты аныкталган. Мындан улам ИИМдин медицина кызматкерлери тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Тез жардам кызматы келгенде Имамидин Ташовду №4 шаардык ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынып, анын абалы туруктуу деп бааланган.

№4 шаардык оорукананын дарыгери аны текшерүү учурунда, Имамидин Ташов УКМКнын абагында ага карата кыйноолор болуп жатканын айткан.

Ал эми атайын кызмат бул маалымат чындыкка дал келбей турганын айтып, муну мекемедеги видеокөзөмөл камералары далилдеп турарын баса белгилейт.

Ташов менен бир камерада отурган адамдын айтымында, ал устаранын лезвиясы менен денесине атайлап залал келтирген. Айрым маалыматтар боюнча, Ташов жакын адамдары менен сүйлөшүп алып, өз жанын кыюуга даярданган.

Ошол эле учурда бул тууралуу прокуратурага кабарланып, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери чакырылып, бирок Имамидин Ташов алардын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Учурда Ташов Биринчи май райондук сотунун чечими менен Юстиция министрлигинин алдындагы №21 тергөө абагына которулду.

Пикир

Оставить комментарий