• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош шаарында издөөдө жүргөн эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.06.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн эки жаранды кармады. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын бири Ош шаарынын тургуну, 1988-жылы туулган К.М. Жазык кодексинин 206-беренеси ("Тоноо") менен шектүү деп табылып, издөөдө жүргөн. Учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Экинчи жаран сот чечимине баш ийбей, соттук отурумга келбей койгондугу үчүн сот тарабынан издөө жарыяланган. Тагыраак айтканда, 1976-жылы туулган А.П. Ош шаарынан аймагында бир нече уурулук фактысын жасап, ал боюнча 2022-жылдын 6-марттында КР Жазык кодексинин 205-беренесинде ("Уурдоо") каралган кылмыштын белгилери менен айыбы угузулуп, соттук кароого жиберилген.

Соттук кароо учурунда А.П. соттук отурумдарга келбей, изин жашырып качып кеткендиктен 1-июнда ага карата Ош шаардык соту тарабынан издөө жарыяланган.

Ошентип, ал шаардын аймагында жүргүзүлүп жаткан "Издөө" операциясынын алкагында жашырынып жүргөн жеринен кармалып, Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий