Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Имамидин Ташовдун абалы канааттандырарлык экени айтылды.
Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, бүгүн, 6-декабрда И.Т. аттуу соттолуучу кесилген жарааты менен Биринчи май райондук сотунан Тез жардам клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Медициналык кароодон кийин дарыгерлер жараатта тамырлар жабыркабагандыгын жана олуттуу кан жоготуусуз болгондугун аныкташкан.
"Бейтапка тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Абалы канааттандырарлык, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү", - дешти министрликтен.
Белгилей кетсек, KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Имамидин Ташовдун бөгөт чарасы бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Сот учурунда ал өз өмүрүнө кол салганы айтылган.
Ал буга чейин УКМК тарабынан 22-апрелде “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген берене боюнча айыпталып кармалган.
Пикир
Оставить комментарий