• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

“Империя пиццы”. Ууланган адамдардын саны 300гө жетти

Ден соолук 0

Бишкек, 17.10.21. /Кабар/. 27-октябрга карата Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча саламаттык сактоо уюмуна тамак-аштан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 300гө жетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкек шаардык мамсанэдипкөзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Анын айтымында, уулангандардын ичинен 40 адам стационардык дарылуунадан өтүүдө, алардын бешөө балдар.

“Ооруканага жаткырылган жарандардын абалы орто жана оор деп бааланууда, бирок жандандыруу бөлүмүнө эч ким түшкөн жок, алар жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат”, - деди ал.

Мурзашев белгилегендей, уулангандардын көбү «Империя пиццы» кафелеринен суши-роллдорду буюртма менен алып жешкен. “Учурда бул кафеге салынган айыптын жалпы суммасы 28,5 миң сомду түздү. Анализдердин жыйынтыгы чыккандан кийин дагы протоколдор түзүлүп, ага ылайык жаза каралат”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, бир нече күн мурун "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланган факт катталган.

Пикир

Оставить комментарий