• 87
  • 89.63
  • 0.85

Инвесторлор "Достук" мейманканасын реконструкциялоого 40 млн доллар салат

Коом 0

Бишкек, 10.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Инвесторлор Бишкектеги "Достук" мейманканасын реконструкциялоого 40 млн доллар салышат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде президенттин Иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган мейманкана ижарачыдан-ижарачыга берилип, баш аламан болуп келген. Учурда алар такталып, сүйлөшүүлөрдөн кийин ижарачылар имаратты бошотуп, реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн инвесторлорго өткөрүлүп берилди.

"Достук" мейманасы Профсоюздун балансында экен. Жаңы жетекчилик менен иштешкенге чейин имарат баш аламан болгон. Имараттагы жайларды 57 ижарачы ээлеген. Сүйлөшүүлөрдөн кийин ижарачылар имаратты бошотуп, реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн инвесторлорго өткөрүлүп берилди. Реконструкциялоо учурунда инвесторлор айына 40 миң долларга чейин ижара төлөшөт. Ал эми реконструкциялоо аяктагандан кийин ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдүн көлөмү 100 миң долларга чейин көбөйөт.

Мындан сырткары, "Саякат" мейманакасы да инвесторлорго өткөрүлүп берилди. Буга чейин Профсоюздун убагында айына 1,5 доллардан берилчү экен. Сүйлөшүүлөрдөн кийин инвесторлор аны реконструкциялоого 15 миллион доллар салуу ниетин билдиришти",-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий