Исаков 4 министрге жана 4 Мамагенттик менен Мамкомитеттин башчыларына катуу сөгүш жарыялады

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков 4 министрге жана төрт Мамагенттик менен Мамкомиттетин башчыларына катуу сөгүш жарыялады.

Алсак, сөгүш экономика министри – Артем Новиков, билим берүү жана илим – Гүлмира Кудайбердиева, саламаттык сактоо – Талантбек Батыралиев, айыл-чарба – Нурбек Мурашев, ошондой эле, Мамлекеттик өнөр-жай, энергетика жана кен иштетүүнүн башчысы - Уланбек Рыскулов, өзүн-өзү башкаруу боюнча Мамагенттиктин – Бактияр Салиев, Мамкурулуш – Бактыбек Абдиевге жарыяланды. Каржы министри Адылбек Касымалиевге эскертүү берилди.

Өкмөттүн жыйынында премьер билдиргендей, сөгүш инвестицияларды тартуу боюнча иш начар жүргүзүлгөндүгү үчүн жарыяланган.

Ал билдиргендей, ӨКМ бул багытта өз ишин 170% аткарган.

“Эмне үчүн силерге да мындай кылууга болбойт. Бул жерде мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду да чала иштеген. Бирок, ал жерге төрага жакында эле дайындалды, ошондуктан ага мүмкүнчүлүк берүү керек. Бирок мындай жагдайга алып келгендиги үчүн директордун орун басарына мага түшүндүрүп берүүсүн тапшырам”,-деп билдирди ал.

Өкмөт башчы бул маселе июнь айынын аягына чейин бир нукка түшпөсө анда ошол кызматта отурган ар бир чиновниктин андан ары ал орунда калышы же калбашы тууралуу маселе каралат. Сапар Исаков жетекчилерге өздөрүнүн ведомстволорунун ичиндеги иштерин чечип алууну тапшырды.

Жыйындын соңунда өкмөт башчы министрлер кабинетинин мүчөлөрүн Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий