• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Ишкерлердин ЭТТКны колдонуусун ыңгайлуу кылуу зарыл – Шыкмаматов

Экономика 0

Бишкек, 17.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Ишкерлердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуусун ыңгайлуу кылуу зарыл. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Бишкекте бизнес чөйрөнүн катышуусунда өтүп жаткан жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, ири импортерлорго жана өндүрүүчүлөргө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонууну калтыруу каралууда.

"Бүгүн күндө биз электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен электрондук эсеп-фактураларды бир модулда болуу керек деп ойлойбуз. Аны колдонууда ишкерлерге жеңил, ыңгайлуу жана адилеттүү шарттар түзүлүшү керек. ЭТТКны колдонууну карап көрдүм, андагы фунциялар бир топ кыйынчылыктарды жаратат экен. Мындан улам санариптештирүү иштеринин алкагында биз ЭТТКны колдонууну жөнөкөйлөштүрүшүбүз керек. Биз азыр мунун үстүндө иштеп жатабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонууну жөнөкөйлөтүү максатында 31-декабрда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Алар жөнөкөйлөштүрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп, бир айдын ичинде президентке сунуш бериши керек.

Пикир

Оставить комментарий