• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Испания курамасы Европа кубогун Мадридге алып келди

Дүйнө 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Европа чемпионатынын финалында Англияны уткан Испаниянын курамасы мекенине континенталдык футбол кубогу менен кайтып барышты.

Еuronews маалымдагандай, эми испаниялыктар Евро-2024 мелдешиндеги жеңишин майрамдашат.

Мадридге учак конгондон кийин кураманын капитаны Альваро Мората траптан футбол кубогун бийик көтөрдү.

Алдыда Испаниянын борборунда Европа чемпиондору падышанын үй-бүлөсү жана премьер-министр Педро Санчес менен жолугары айтылды. Ошондой эле Мадриддин көчөлөрүндө футболчулар күйөрмандарынын кучагында салтанаттуу жүрүшкө катышары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Евро-2024 мелдешинде Испания курамасы жети оюн өткөрүп, атаандаштарынын дарбазасына жалпысынан 15 топ киргизди.

Алтын медалды карай испаниялыктар фаворит делген Германия, Франция жана Италияны артта калтырды. Алар чечүүчү беттеште англичандарды 2:1 эсебинде утуп, төртүнчү ирет Европа чемпиону болушту.

Пикир

Оставить комментарий