• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Италиянын Казерта шаары Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Казерта шаарынын мэри Карло Марино менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Базарбаев Мариного Кыргызстандын шаарларынын бири менен өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда түз байланыштарды түзүү үчүн достук жана кызматташтык жөнүндө келишим түзүүнү сунуштады.

Өз кезегинде, мэр Марино Казерта муниципалитети тарабынан мындай макулдашууну түзүү маселесин карап чыгууга жана ага быйыл Кыргызстанга келиши мүмкүн болгон иш сапары учурунда кол коюуга даяр экендигин билдирди.

Элчи ошондой эле Казерта провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Де Симоне менен жолугушту. Италиялык ишкерлердин Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Касерта провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий