• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Юстиция министрлиги Кыргызстанда канча адвокат бар экендигин айтты

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда иш алып барып жаткан 3 миң адвокат бар. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрликтин реестринде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 4 миң 700 юрист катталган. Буга чейин мыйзам талаптарын аткарбаган 700дөн ашык адвокаттын лицензиясы токтотулган.

“Этика боюнча комиссиянын жүргүзгөн иштеринен кийин адвокаттардын саны 3 миңди түздү. Алардын ичинен 2 300 адвокат Бишкек шаарында жана Чүй облусунда иштешет. Аймактарда адвокаттардын саны жетишсиз. 470 адвокат мамлекет менен келишим түзүп, калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүп келет. Лицензия берип жатканда биз жаш адвокаттарды аймактарга иштөөгө, тажрыйба топтоп, кесиптик деңгээлин жогорулатууга шыктандырабыз”, - деди ал.

Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков маалымдагандай, адвокаттардын маянасы үчүн республикалык бюджеттен 140 млн сом бөлүнгөн.

“Адвокаттар үчүн төлөнө турган каражаттардын өлчөмү көбөйтүлгөн. Мамлекеттик адвокаттардын маяналары 50-80 миң сомго чейин жетет. Алар өзүлөрүнө жүктөлгөн милдеттерди так жана убагында аткара алса акча каражатын алат”, - деп белгиледи Акжол Калбеков.

Пикир

Оставить комментарий