• 87.86
  • 93.94
  • 1

Аламүдүн районунда эл аралык деңгээлде "Арашан" койлорунун көргөзмөсү өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.05.22./Кабар/. Бүгүн, 29-майда Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында КР Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен эл аралык деңгээлде "Арашан" коюнун көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө Казакстан, Өзбекстандын фермерлери, Арашан кой фермерлеринин, жеке фермерлеринин ассоциациясы жана тажрыйбалуу асыл тукум малчылар катышты.

"Көргөзмөнүн максаты кой чарбасын жайылтуу, тажрыйба алмашуу, сандан сапатка өтүү. Көргөзмөнүн алкагында асыл тукум "Арашан" койлорунун салмагы боюнча сынак өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий