Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Сузакта милиция тарабынан изделип жаткан Нодирабегим Абабакирова үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Бишкек шаарында жүргөнүн айткан.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 23-март күнү таңкы саат 05:00 чамасында “Мени издебегиле, мени кечиргиле” деген мааниде кат жазып, үйүнөн эч кимге айтпастан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
Пикир
Оставить комментарий