• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта дайынсыз жоголгон Нодирабегим Абабакирова изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Сузакта дайынсыз жоголгон Нодирабегим Абабакирова изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Күмүш-Азиз айылынын тургуну 1994-жылы туулган Абабакирова Нодирабегим Абабакировна 2022-жылдын 23-март күнү таңкы саат 05:00 чамасында “Мени издебегиле, мени кечиргиле” – деген мааниде кат жазып, үйүнөн эч кимге айтпастан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Нодирабегим Абабакированын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 175-180 см, ак жуумал, чачы кара узун, кашы, көзү кара.

Кийген кийимдери: башында жашыл түстөгү жоолук, үстүндө кызыл түстөгү узун көйнөк, сары түстөгү кемзир, бутунда кара түстөгү тапочка болгон.

“Дайынсыз болуп жаткан Абабакирова Нодирабегим Абабакировна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү телефон номерлерине кабарлап коюуну суранабыз: 102, (03748) 5 02 09, 0556 84 84 58», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий