• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында мечитте уурулук жасап жүргөн жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Ош шаарында мечитте уурулук жасап жүргөн жигит кармалды, - деп билдирет Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 1995-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Ош шаарына клип, мечиттерге намаз окуганы келген жарандардын уюлдук телефонун, акчасын, сумкаларын уурдап из жашырып жүргөн.

Учурда шектүүдөн жабыркагандардын саны 20 адамга жакындап калган.

Кармалган жаран уурдалган буюмдарын арзан баада соодагерлерге өткөрүп берип турган. 3-апрелде шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда, шектүү буга чейин Бишкек шаарында дагы ушундай кылмышы үчүн соттолуп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий